• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Балыгымды эс алдырып жүрөм». Карантинде кызыктай окуя катталды

27 Чын куран 2020 20:26 Бишкек Govori.TV

Коронавируска байланыштуу карантин жарыяланган Испания өлкөсүндө кызыктай окуя катталды. Аталган өлкөдө жашоочуларга көчөгө чыгууга тыюу салынганы менен үй жаныбарларын сейилдөөсүнө мүмкүнчүлүк берилген.

Логноро шаарында аны пайдалангысы келген киши ичинде балык салынган айнек идишти көтөрүп сыртка чыккан. Көчөгө чыгууга тыюу салган эрежени бузган адамды полиция токтоткондо “Балыгымды эс алдырып жүрөм”,-деген шылтоо менен өзүн коргогон.

Ал эми Испаниянын полиция кызматы бул маалыматты “Twitter” баракчасына  жазып, жаранга айып пул салынганын билдиришкен.

Кошумчалай кетсек, Испанияда 14-мартта карантин жарыяланган. Өлкөдө тургундар өтө зарыл муктаждыктары үчүн гана көчөгө чыга алышат. Сыртта ээн жүрүүгө жана спорт менен машыгууга уруксат берилбейт.

Булак: Zaman.kg

Количество просмотров: 902