• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Балыкчыда 15 жаштагы кыз изделүүдө

30 Теке 201816:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV
Балыкчы шаарынын 15 жаштагы тургуну Сайкал Каныбекова 26-июлдан бери изделип жатат. Бул тууралуу анын эжеси «Репортерго» билдирген.
Маалыматта «Сайкал 26-иблда саат 9:30да үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Ал күнү гүлдүү кофта жана жинсы кийип жүргөн.  Сайкалдын бою 150см, орто дене түзүлүштө жана чекесинде тагы бар» -деп жазылат.
Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Сайкал тууралуу маалыматы барлар туугандары менен 0700 022 341 номуру аркылуу байланышса болот.
Количество просмотров: 15