• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Балык уулагандарга айып пул салынды

27 Жетинин айы 2019 15:20 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 26-ноябрь күнү Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунда жайгашкан “Ала-Арча суу куйма” суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандарга каршы атайын рейд өткөрүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын тургундары Самсонов Николай Дмитриевич жана Побегайлов Данил Александрович аттуу жарандары кармалды. Алар аталган суу сактагычта тиешелүү уруксат кагаздары жок, балык уулоочу синтетикалык торлор менен балык кармап жүрүшкөн.

«Алардын автоунаасынан 129 даана карась, 15 даана сазан, 44 даана судак, 193 даана лещ жана 1 даана карп балыгы алынды. Андан сырткары балык кармоо үчүн колдонуп жүрүшкөн 1км чарчы узундуктагы синтетикалык тору алынды.

Аталган факт боюнча тиешелүү акт жана протокол түзүлүп, кылмыш ишин козгоо үчүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Кармалган жарандарга карата 176 миң 852 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти учурда балыктар уруктарын чачып жаткан учуру болгондуктан, ушул мезгилде мыйзамсыз балык уулоого чыккандарга ири өлчөмдөгү айып пул салынаарын эскертет», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 90