Бүгүн 11-августта 18:10 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда сел жүрдү.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү максатында ӨКМдин Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Мындан сырткары «Кыргыз Жол Курулуш» ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, аталган тилкеде сел жүрүп
жаткан кезде өтүүгө аракет кылган 2 унаа тыгылып калган. Учурда алар чыгарылды. Жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.