• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Балыкчы-Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат

22 Тогуздун айы 202415:02 Бишкек Govori.TV

Балыкчы-Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрына чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8.00дон-17.30га чейин Балыкчы-Кочкор автомобиль жолунун Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки 39+90 км – 42+90 км чейин жабылат.

Аталган тилкенин жабылуусу «Балыкчы-Кочкор темир жол куруу долбоорунун» курулушунун ишке ашыруунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу

Количество просмотров: 154