Бүгүн Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында ушундай аталыштагы жөө жүрүш өтүп жатат.
«Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!» деген ураандын астында майыптыгы бар адамдардын коляскадагы жөө жүрүшү жалпы коомчулуктагы, чечим кабыл алуу чөйрөсүндөгү адамдар жана жаштар арасында майыптык жөнүндө түшүнүктү кеңейтүү үчүн өтүүдө. Мындан тышкары майыптыгы бар адамдар жөнүндө туура эмес көз караштарды өзгөртүү да азыр абдан маанилүү.
Коляскалар менен өтө турган жөө жүрүш Бишкек-Токмок багытында 4 күн бою өткөрүлөт. Жөө жүрүш учурунда атайын семинарлар да болмокчу.