• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Балыкчыда окуучуну сүзүп кетти деген аймактык тескөөчү менен агасы иштен четтетилди

27 Үчтүн айы 2024 13:14 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында окуучу кызды сүзүп кетти деген аймактык тескөөчү жана анын шаардык милициясынын башчысы болуп иштеген агасы кызматтан четтетилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-январда, болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Ал учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деп билдиришти ИИМден.

Буга чейин социалдык тармактардын кыздын атасынын видео кайрылуусу тараган болчу.

Теги:
Количество просмотров: 416