• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Балыкчыдагы батут кырсыгынан төрт бала жабыркады

9 Кулжа 201921:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.06.2019.Govori.TV.

Балыкчы шаарында шамалдан улам батутта ойноп жаткан төрт бала жабыркап, экөө ооруканага түшкөн. Анын ичинен 3 жашар кыздын абалы оор. Бул туурасында Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Айгүл Кыштообаева Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысына айтып берди.

Анын маалыматына караганда, окуя 9-июнь күнү болжол менен саат 12лерде Соң-Көл кичи районунда болгон.

Учурда ооруканада жаткандар — бир тууган кыздар.

«Эжесинин абалы салыштырмалуу дурус. Буту сынып кеткен. Ал эми бөбөгү, 3 жаштагы кыз учурда реанимацияда. Абалы оор, башынан катуу жаракат алган. Бишкектен санавиация менен балдар дарыгерин чакырттык. Алар келип, бөбөктү ордунан козгобош керектигин, абалы жакшы болгондо борборго алып баруу зарылдыгын айтышты», — деди ал.

Балыкчы шаарынын мэриясынан окуянын кесепетин жоюу үчүн милиция кызматкерлери менен Балдарды коргоо, ата-энелерге колдоо көрсөтүү бөлүмү иштеп жаткандыгын айтышты.

Булак: Sputnik.kg

Количество просмотров: 16