• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Балыкчыдагы уранга каршы жөө жүрүш. Учурда эмне болуп жатат?

29 Чын куран 201915:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн Балыкчы шаарында Таш-Булак участкасындагы уран кенин казууга каршы митинг шаардык Мэриянын аянтында саат 10:00 башталып, 12:30 да аяктап, катышуучулар Балыкчы автобекетине жөө жүрүш уюштурушту. Митингди өтүүсүнө шаардык мэрия тарабанан коомдук коопсуздукту сактоо максатында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тартылган.

https://www.facebook.com/1295014787248980/videos/277279113149226/?v=277279113149226

Маалыматтарга таянсак Балыкчы шаардык соту жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салып, митинг өткөрүүгө уруксаат берген. Бирок, митингдин айрым катышуучулары Бишкекке келе турган унаалар менен борборду көздөй бет алышканын билдиришкен.

https://www.facebook.com/MirlanAtakozu/videos/2129850350465138/

Эске салсак, бүгүн Боом капчыгайында атайылап таш атып түшүрүү иши жүрүп жатканы маалымдалган.

Количество просмотров: 33