• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Бандиттик өлкөдөй». Бекешев Кыргызстандан учуп кете албай жатканын айтты

14 Теке 2021 14:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, депутат Дастан Бекешевге Кыргызстандан учуп кетүүгө уруксат берилбей калганын айтып нааразы пикирин өзүнүн телеграмм каналы аркылуу билдирген эле.

Депутат белгисиз себептерден улам чек арага «желектер» коюлганын айткан.

«Мен командировкага учушум керек болчу, тилекке каршы, алар чек арага желектерди коюшту. Бийлик эмне үчүн мындай кылып жатат, билбейм. Бизде кандайдыр бир бандиттик мамлекеттей», — деди ал.

Бирок, көп өтпөй эл өкүлү кайрадан билдирүү калтырып, учуугу уруксат берилгенин айтты.

«Айрым түшүнбөстүктөрдөн кийин учуп кетүүгө уруксат беришти. Бирок мен эмне үчүн мындай болгонун иликтейм. Мен эч кандай кылмыш жасаган жокмун, бирок алар мен үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышты», — деп балдирген Бекешев.

Количество просмотров: 2905