• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Банкирлер менен бандиттердин бирикмеси болот». Момбеков БШКнын жаңы шайлоо системасына каршы

15 Теке 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Анда депутат Рыскелди Момбеков БШКнын төрайымына карата бир катар сын пикирлерин айтты.

Депутат Нуржан Шайлдабековага «бизге тааныштырып, колдоп жаткан мыйзамды жакшы билбейт экенисиз» деп нааразы болду.

«Мен эми ынандым, бул мыйзамга сиздин такыр тиешеңиз жок экен. Суроолорго жооп бере албай жатасыз. Айтыңызчы бул силер алып келген мыйзамда 5-октябрда аянтка чыккан элдин айткан кайсы талабы эске алынды», — деп суроо салды.

Ага жооп берген БШКнын төрайымы элдин арасынан депутат болууга мүмкүнчүлүк керек деп чыккандардын талабы болгонун айтты.

Төрайымдын жообуна ынанбаган депутат эл митингге административдик жана финансылык ресурстарга каршы чыкканын айтып, бул мызам менен бул эки талапка тең кыянаттык болуп жатканын билдирди.

«Эл добуш сатып алууга каршы чыккан. А силер буга кайра жол ачып жатпайсыздарбы. 35 аймакка бөлүп койдуңар, 35 каймактар келсин деп койдуңар, жалаң бай-манаптарды келтирип жатпайсыңарбы. Ушулбу силердин реформаңар? Кечирип койгула бул майзамыңар иштебейт. Өткөн октябрь окуяларынын зыянын Сооронбай Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз…

Күндөн-күнгө шайлоого болгон элдин ишеними кетти. Улам болгон шайлоодо адамдар аз катышууда. Бул мыйзам менен жалаң байлар келет, кечээки аянтка чыккан балдар келбейт. Урматтуу Нуржан Кармабековна бул шайлоо эмес, мени туура түшүнгүлө, бул бизнесмендердин согушу жана «гопниктердин» жарышы. Натыйжада биз эмнеге ээ болобуз? Банкирлер менен бандиттердин жаңыланган кошулма бирикмесин алабыз», — деди депутат.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда жалпы 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдардан, 55и партиялык тизме менен пропорционалдык система менен шайланат.

Мажоритардык система — өз алдынча шайланып келе турган 35 депутаттын округунда 100 миңден шайлоочу болот. Шайлоо күрөөсү – 100 миң сом. Мындай система менен келген депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жаңы шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 325