• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Банктардан эл аралык стандарттын талабына ылайык, эсеп жана уячалардын ээлери тууралуу маалымат суралган

21 Бештин айы 2018 13:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV


Банктардан кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча маалыматты суроо эл аралык стандартка байланыштуу. Бул тууралуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев билдирди.


Анын айтуусунда, Кыргызстан эл аралык универсалдуу стандарттарга жараша тийиштүү чара кабыл алышы керек.
Кененбаев белгилегендей, Кыргызстан 2012-жылы каржы терроризм жана акчаларды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча Евразия интеграциясынын мүчөсү болгон.


“Ошондон баштап Кыргызстан эл аралык стандарттарды бекем тутуу жоопкерчилигин өз мойнуна алган. Бизге ыкчам маалыматтарды алуу керек. Анткени биз маалымат чогултканча көп убакыт өтүп кетет. Биздин негизги максат – каржы коопсуздугун сактоо. Ошол себептен Финчалгындоо кызматы ушундай кадамдарга барууга укугу бар”, — дейт ал.


Кененбаев белгилегендей, мындай тажрыйба Европа өлкөлөрүндө да кабыл алынган. Ал жакта да ушундай банктык реестр бар.
“Кыргызстан коррупцияга каршы конвенциянын да мүчөсү. Былтыр бизге реест түзүү боюнча сунуш берилген. Биздин максат – банктык эсептер кимге таандык экенин билүү. Белгилей кетчү нерсе, бул реест маалымат катары түзүлөт. Биз каражат же жүргүзүлгөн финансылык операциялар тууралуу маалыматты чогултпайбыз. Мыйзамда кайсы операцияларды текшерүүгө жана көзөмөлгө алууга боло тургандыгы тууралуу так жазылып турат. Ал жерде болгону төрт пункт бар: терроризм жана экстремизмге шектүү адамдар жана каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана оффшордук операцияларды жүргүзүү”, — деп кошумчалады.

Количество просмотров: 16