• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Өлкөнүн эл аралык резерви 268,6 млн долларына көбөйдү

3 Бирдин айы 202016:51 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын эл аралык резервдеринин көлөмү 2424,1 млн АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын башына салыштырмалуу 268,6 млн АКШ долларына же 12,5% көбөйгөн.

Эл аралык резервдердин курамына алтындагы активдер, карыз алуу атайын укуктары жана чет элдик валюталар портфели кирет. Эл аралык резервдердин валюталык портфели төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: АКШ долларын, еврону, швейцария франктарын, англис фунттарын, австралия жана канада долларларын, япон йенин, россия рублин, кытай юанын, сингапур долларын, ошондой эле норвегиялык крон.

Количество просмотров: 83