• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда кайсы эл аралык жана ички каттамдар аткарылат (тизме)

15 Бештин айы 2020 9:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан жана Россияга үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына ички авиакаттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Түркия:

  • Бишкек—Стамбул—Бишкек, жумасына 1 жолу «АвиаТраффикКомпани»;
  • Стамбул—Бишкек—Стамбул, жумасына 5, «Түрк аба жолдору»;
  • Стамбул—Бишкек—Стамбул, жумасына 7 жолу, «Пегасус Эйрлайнс»;
  • Анталья—Бишкек—Анталья, жумасына 1 жолу, «Пегасус Эйрлайнс».

Россия:

  • Москва—Бишкек—Москва, жумасына 1 жолу, «Аэрофлот»;
  • Бишкек—Москва—Бишкек, жумасына 1 жолу, «АвиаТраффикКомпани».

Казакстан:

  • Алматы—Бишкек—Алматы, жумасына 2 жолу, «Эйр Астана».

БАЭ:

  • Дубай—Бишкек—Дубай, жумасына 3 жолу , «Флай Дубай».

Өзбекстан:

  • Ташкент—Бишкек—Ташкент, жумасына 1 жолу, «Узбекистон хаво йуллари».
  • Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз каттамдар «AviaTrafficCompany» жана «Tez Jet» авиакомпаниялары тарабынан аткарылууда:
  • Бишкек—Ош—Бишкек, «Тез Джет» күнүнө 3 жолу (жумасына 21 каттам).
  • Бишкек—Ош—Бишкек, «АвиаТраффикКомпани» күнүнө 1 жолу (жумасына 7 каттам).
  • Жалал-Абад—Бишкек—Жалал-Абад, жумасына 1 жолу «Тез Жет».
  • Бишкек—Баткен—Бишкек, жумасмына 1 жолу «Тез Жет».

Исфанага ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттар боюнча учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралууда.

Количество просмотров: 34