• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Банктын айнегин талкалаган кыз издөөгө алынды

28 Баш оона 201918:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү бейбаштык боюнча шектүү деп табылган кызга издөө жарыялады. Бул тууралуу милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-августта «Оптима Банктын» өкүлдөрү имаратынын терезесин талкалап кеткен белгисиз кызга чара көрүп берүүнү өтүнүп милицияга арыз жазышкан. 9-август түнү саат 12лер чамасында 20-25 жаштагы кыз Панфилов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Оптима Банктын» эшигинин айнегин талкалап кеткен. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда милиция 20-25 жаштагы белгисиз кызга издөө салып, коомчулуктан жардам сурады. Ички иштер органдары ал жөнүндө билгендерди 102 номуруна чалып коюуну өтүнөт.

Количество просмотров: 12