• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саламат Аламанов: «Барак маселесин саясатка айландырууга негиз берилбеши керек»

15 Баш оона 2018 15:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV
Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавы ушуга окшогон башка жерге алмаштырылышы мүмкүн. Бул маселе кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жумушчу тобунун 7-августта Фергана шаарында өткөн жыйынында каралганы тууралуу өкмөттөн кабарлашкан. Ал эми бул маселе боюнча Чек ара маселеси боюнча эксперт Саламат Аламанов өз пикирин билдирди.
«Бул өзү көптөн бери эле чечилбей келген маселе болчу. Каршылаш тарап менен биргеликте бул маселени алмашуу жолу менен чечели деген бүтүмгө келсе бул өзү туура чечим болот. Эки тараптын макулдашуусунан улам сапаты жана аянты жагынан дал келгендей кылып карап көрүү зарыл. Негизи мындай иштен кийин ар түрдүү ача пикирлер сөзсүз чыга берет. Маселе чечилгенден кийин сынчылар, саясатка айландыргандар чыгат. Ошондуктан буга дайым даяр болуу керек»,-деди эксперт Саламат Аламанов.

Количество просмотров: 32