• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Какчекеев: Чек ара көйгөйү башынан ырбап отуруп, ушул абалга келди

28 Үчтүн айы 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөй башынан ырбап отуруп, ушул абалга келди. Мындай пикирин талдоочу жана аскер эксперти Токтогул Какчекеев билдирди.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы меселе 30 жылдан бери чечилбей келе жатат. Акыркы 2 окуяда тажик тарап ок атып, миномёт жана гранатомёт колдонду. Бүгүнкү күндө чыккан чыр Төрт-Көчөгө байланыштуу болуп жатат деп ойлойм. Анткени анын келишимине 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда Адахан Мадумаров кол койгон. Тажик тарап аны бетке кармап жатат. Чек араны эгемендүүлүктү алган жылдардан кийин эле бекемдешибиз керек болчу, бирок ага даай алган жокпуз. Ошол кездеги мамлекет башчылар өз убагында чечим кабыл алса болмок. Үзөңгү куш кетти, Каркыраны алдырдык. Мындай маалыматтар тегеректеги коңшуларга белгилүү болгондон кийин жумшактык кылып коюп, биз ушул абалга келдик. Кыргызда «жыгачтын жумшагын курт жейт» деген сөз бар. Маселе башынан ырбап отуруп, ушул күнгө чейин келди. Деген менен президент Садыр Жапаров менен менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев чек ара чырын чечебиз деген далалатынан кийин бизде ишенбеске арга жок. Чек ара көйгөйүн тынчтык жолу менен гана чечүү зарыл»,-деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган. Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Количество просмотров: 287