• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жураев: Шайлоодон кийин революция болбойт, бирок пикир келишпестиктер орун алышы мүмкүн

17 Жетинин айы 2021 15:18 Бишкек Govori.TV

Саясий партиялар менен талапкерлердин ортосунда шайлоодон кийин ич ара пикир келишпестиктер болушу толук ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда өткөн тегерек столдо политолог Эмил Жураев билдирди.

«29-ноябрда төртүнчү революция болуп кетет деген ойдон алысмын. Биринчиден, бир мандаттуу округдардын өзүлөрүнүн ичинде талаш-тартыш чыгышы мүмкүн, аларды жөнгө салуу оңойго турбайт. Бирок андан да кооптондурганы – партиялык тизме боюнча жыйынтык кандай болот жана мандаттар преференциялык добуштар боюнча кантип бөлүштүрүлөт. Анткени ар канлдай добуш алышы мүмкүн»,-деди Жураев.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет. Шайлоодо 21 партия ат салышууда, ал эми бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 300 талапкер калды.

Количество просмотров: 233