• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бас-Бөлтөк тоосу менен кошо резиденция талкаланса Президент кайда жашайт?

19 Аяк оона 2018 10:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.09.2018. Govori.tv
2018-жылдын 22-сентябрында “Байтик-Ата” комплексинин жанындагы тоодо “Бас-Бөлтөктү сактайлы” элдик курултайы өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда Ала-Арча өрөөнүнүн кароол дөбөсү болуп келген “Байтик баатырдын Бас-Бөлтөк” тоосу жоголуп кетүү коркунучунда турат. Анткени, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бүгүнкү күндө иштеп жаткан 7 ишкананын үстүнө дагы 30 дан ашык лицензия берилген. Эгерде алардын баары ишке кирсе, анда тоо бузулуп, Чүй өрөөнүн чаң аралашкан кара түтүн каптайт.

Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы кичи аймактар, ошонун менен бирге Ала-Арча мамлекеттик резиденциясы дагы бул экологиялык бузулуштан четте калбайт дешет уюштуруучулар.

Количество просмотров: 75