«Бас-Бөлтөк” тоосу жоголуп кетүү коркунучунда турат
«Бас-Бөлтөк” тоосу жоголуп кетүү коркунучунда турат
8 Жетинин айы 2018 14:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.11.2018.Govori.TV.
Ала-Арча өрөөнүнүн кароол дөбөсү болуп келген “Байтик баатырдын Бас-Бөлтөк” тоосу жоголуп кетүү коркунучунда турат. Анткени, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бүгүнкү күндө иштеп жаткан 7 ишкананын үстүнө дагы 30 дан ашык лицензия берилген. Эгерде алардын баары ишке кирсе, анда тоо бузулуп, Чүй өрөөнүн чаң аралашкан кара түтүн каптайт.
Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы кичи аймактар, ошонун менен бирге Ала-Арча мамлекеттик резиденциясы дагы бул экологиялык бузулуштан четте калбайт дешет уюштуруучулар.