• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Баса албай калган… Ачкачылык жарыялаган Нарматованын абалы айтылды

22 Бештин айы 202222:18 Бишкек Govori.TV

СИЗО-1 абагында камалып, ачкачылык жарыялап жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына бара алган жок. Буга анын ден соолугунун абалы себеп болгон.

Мааыматка ылайык, анын абалы оорлошуп, өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу СИЗОнун кызматкерлери носилкага жаткырып, камерасынан короого алып чыгышкан.

Бүгүн адвокаты менен да жолугушууга чыга албай койгону кошумчаланды.

Ошондой эле Нарматованын ачкачылык жарыялагандан кийинки сүрөтү жарыяланды. Аны Нарматованын жактоочусу жүрөгүн текшерткени тез жардам менен чыкканда тартып алган.

Количество просмотров: 15171