• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды

9 Бирдин айы 2021 15:01 Бишкек Govori.TV

Конституциясынын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган. Конституциянын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөттү. Ага ылайык, кеңешменин сунуштары эске алынып, иштелип чыккан Конституциянын долбоору расмий сайтка мурда коюлган долбоор менен алмаштырылды. 

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун төмөндөгү шилтемеден окуй аласыздар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү»  мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат

Количество просмотров: 109