• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Райымкулов: Мыйзам долбооруна каршы чыккандар бийликке келбей калганына ичи ачышып жатат

10 Жалган куран 2021 18:36 Бишкек Govori.TV

Мыйзам долбооруна каршы чыккандар бийликке келбей калганына ичи ачышып жатат. Мындай пикирин ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов билдирди.

Анын айтымда, президенттик башкарууну 80 пайыз эл тандап алган жана ушул элдин тандоосуна ылайыкталып мыйзам жызылган.

«Айрым депутаттар Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы болуп жаткандарына түшүнбөй жатабыз. Себеби, ошол адамдар эле буга чейинки октябрь окуяларында бийликке каршы чыгып, парламент таркасын, Баш мыйзам өзгөрсүн, жаңы бийлик келсин деп талап кылып, бийлик алмашкан. Ал эми азыр көпчүлүк элдин тандап алганына каршы чыкканына түшүнбөй турабыз. Же каршы чыккандар өздөрү бийликке келбей калганы үчүн мындай кылып жатышабы? Биз ушинтип эле мындай башаламандыкка бара берсек биздин мамлекетке оор болуп калат. Ансыз деле базардагы баардык азык-түлүктөр, деги эле баары кымбаттады, буга ким күнөөлүү? буга ошол эле октябрда төңкөрүлүшкө чыккандар, азыр да нааразы болгондор күнөөлүү дейт элем», — дейт ал.

Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Парламент Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта биринчи окууда кабыл алган. Экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүү эртең, 11-мартта болору айтылууда.

Парламент төрагасы Талант Мамытов 10-марттагы жалпы жыйында конституциялык реформа боюнча сын негизсиз экенин айтып, Конституция мыйзам талаптарына ылайык талкууланып жатканын билдирген жана “Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок” деп айткан.

Количество просмотров: 145