• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башаламан соода-сатык жүргүзгөндөр айыпка жыгылды

22 Тогуздун айы 202416:35 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 600 миң сомдон ашык айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол жээгиндеги жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратып, башаламан соода-сатык жүргүзгөн жарандарга карата рейд өткөрдү.

Рейддер 14-октябрдан 18-октябрга чейин уланып, анда мөмө-жемиштерди, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды жана суусундуктарды жолдун жээгинде мыйзамсыз сатып жаткан учурлар аныкталды.

Мыйзам бузуулар боюнча башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата 209 протокол түзүлүп, жалпысынан 627 миң сом айып пул салынды.

Количество просмотров: 154