Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.
Милиция Бишкекте 9-августка караган түнү болгон башаламандыкта камераларды талкалап кетишкен адамдардын сүрөттөрүн жарыялады.


Милицияга «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсынын өкүлдөрү 9-августтагы башаламандыкта «Коопсуз шаар» алкагында орнотулган камераларды сындыргандарга карата чара көрүүсүн суранып, арыз жазган.
Бейбаштар Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинде орнотулган эки камераны, Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү төрт жана Чүй проспектиси жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жети камераны жарактан чыгарган
Мындан сырткары, «Финанскредитбанк» ААКтын өкүлчүлүгү кайрылып, белгисиз адамдар компаниянын терезесин сындырып кетишкенин кабарлаган. Мындан сырткары, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкеринин кызматтык Hoton үлгүсүндөгү унаасы талкалангандыгы белгилүү болгон.
Факт 266-берене («Бейбаштык») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
«Иликтөөнүн жүрүшүндө «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсынын видеокамерасына шектүүлөрдүн жазылып калган кадрлары жана сүрөттөрү алынды», — деп айтылат маалыматта.
Милиция шектүүлөр тууралуу билгендерди көрсөтүлгөн номерлерге чалууну өтүнөт: (0771) 141-190, (0700) 110-077, (0556) 155-144, (0779) 646-155, (0550) 102-927, (0552) 102-471 жана 102.