• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Каржы полициясынын мурунку кызматкери кармалды

12 Бирдин айы 202010:13 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды салык төлөмдөрүн төлөбөй алып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул схеманы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) кызматкерлери уюштурганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2017-2018-жылдары аталган кызматтын Ысык-Ата жана Аламүдүн районундагы бөлүмүнүн кызматкери кызыкдар тараптар менен көмүскө бүтүмгө келип, Кыргызстанга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн 127 млн сомго товар импорттоону уюштурган. Муну менен катар мамлекетке салык төлөнбөй, 15 млн сом чыгым келтирилген. Мындан тышкары аталган кызматкер Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган «БМВ-Х5» үлгүсүндөгү унааны колдонгону аныкталды.

«Ведомствонун жетекчилиги тарабынан 2018-жылы ноябрь айында К.С.А. кызматынан четтетилип, бул ишке тиешеси бар адамдарга карата сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.С.А.га Жазык кодексиндеги 319-берене (коррупция) боюнча айып тагылып, 6-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 2 айга камалды», — деп айтылат маалыматта.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 44