• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Башкы прокуратура Атамбаевдин Түркиядагы бизнеси боюнча маалыматтарды УКМКга жиберди

23 Жетинин айы 2018 16:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.11.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Кубатова Govori.TV. билдирди.
«Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу, расмий түрдө, акыркы 2017-2018 жылдары Эдиль Байсалов прокуратурага кайрылган эмес. Биз интернеттке чыккан маалыматтарды чогултуп эле УКМКга жөнөтүлдү. Бирок атайын арыз-кайрылуу түшкөн эмес»,-деди Башкы прокуратуранын өкүлү.
Анын айтымында, Коррупцияга каршы кызмат экс-президенттин мүлкү боюнча коомдук ишмер Эдил Байсаловдун маалымат каражаттарына чыккан билдирүүлөрүн карап чыгышы керек.
Былтыр 5-апрелде президенттик сайтка ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган. Анда ал башкы прокурурорго 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошол кездеги 45 млрд. түрк лирасына, же ошол кездеги курс менен 35 млн. долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени кабарланган.
Ошондон кийин коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөсүнө таянып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд. түрк лирасы 2003-жылы 35 млн. доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан. Байсалов Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу текшерүүнү талап кылган.
12-апрелде президенттин басма сөз кызматы кайрадан кабар таратып, кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын долларга сатканы ырас экенин кайталап, 5-апрелдеги маалыматта “ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөр чаташып кеткени үчүн” кечирим сураган.
Количество просмотров: 20