Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Башкы прокуратура экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын беш айыбын негиздүү деп тапты. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мурдагы президенттин дарегине карата айтылган беш жагдай боюнча: Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу; Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу; Акча адалдаган “Ака Петролеум” жана “АКА Инвест” компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү; Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча; ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы бар деп шек саноого болот.
Ал эми «бийликти узурпациялап, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, өз режимине каршы чыккан депутаттарды, коомдук ишмер, журналисттерди куугунтуктаган» деген кинеге Атамбаевдин түздөн-түз катышы жок деп табылды.
Эске салсак, ЖК 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганы айтылган.