• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Башкы прокуратура депутат Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда

6 Бештин айы 202212:51 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу Govori.TVга Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов тастыктады.

Маалыматка ылайык, жокко чыгаруу талабы бүгүн, 6-декабрда Жогорку сотко жөнөтүлдү. Көзөмөл органы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу актоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча арыз берген.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш берген депутаттардын арасында Эмил Жамгырчиев да бар.

2020-жылы Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишти оң чечкени үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. 2021-жылдын февраль айында мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын орду толтурулган. Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту эки соттолуучуну тең кылмыштын курамы жок деп актаган.

Количество просмотров: 78