• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Башкы прокуратура: Ишкерлердин укуктарын бузган 110 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды

10 Бештин айы 2020 12:41 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында прокуратура органдары тарабынан инвесторлорду коргоо жана ишкерлердин укуктарын сакталышын көзөмөлдөө багыты боюнча 125 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 390 мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн,10-декабрда Башкы прокуратуранын өкүлү Арсланбек Мурзаев билдирди.

Анын айтымында, орун алган мыйзам бузууларды четтетүү максатында сотко 1 доо арыз келтирилип, КЖБРге 3 материал катталган. 1 509 100 сомдук зыян акчалай түрдө мамлекетке өндүрүлгөн.

«Мындан сырткары, келтирилген 151 прокурордук актылардын негизинде 110 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле, инвесторлорду коргоо жана ишкерлердин укуктарын сакталышын көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен Башкы прокуратуранын курамында тийиштүү бөлүмү түзүлгөн. Бөлүм түзүлгөндөн баштап 42 кайрылуу каралып, кароонун жыйынтыгы менен 3 прокурордук акткелтирилген (1 сунуш, 1 талап жана 1 каршылык билдирүү). Мындан сырткары, 2020-жылдын 9 айында прокуратура органдарында ишкердик субъекттеринин ишине жалпы 3632 текшерүү актылары катталып, алардын 117 учурунда мыйзам талаптары сакталбагандыктан каттоодон баш тартылган»,-деди ал.

Белгилей кетсек, статистикага ылайык 2019-жылы жеке ишкерлерге карата 3071 сотко чейинки өндүрүш иши КЖБРге катталып, анын ичинен жосундарда кылмыштын жана (же) жоруктун курамы болбогондугунан1066 сотко чейинки өндүрүш иши же жалпы иштин34,71%тергөө стадиясында кыскартылган.

Ал эми, 2020-жылдын 9 айында укук коргоо органдары тарабынан жеке ишкерлерге карата 1786 сотко чейинки өндүрүш иши КЖБРге катталып, жосундарда кылмыштын жана (же) жоруктун курамы жок болгондуктан 810 сотко чейинки өндүрүш иши же бардык иштин 45,35% тергөө учурунда кыскартылган.

Количество просмотров: 49