• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокуратура картадагы ката боюнча түшүндүрмө берди

20 Жетинин айы 2021 23:55 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында илинген Кыргызстандын туура эмес картасы боюнча түшүрдүрмө берди.

«Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы жеке ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт. Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп сар-санаа болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк баарыбыз үчүн баарынан жогору турат”, — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

20-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан. Кадрларда Кыргызстандын картасы туура эмес экени, Ворух анклавы Тажикстандын аймагы менен биригип калганын көрүүгө болот. Бул социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, кийин сүрөттөр өчүрүлгөн.

Количество просмотров: 147