• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча 1700 адамдын кайрылуусуна үн катты

11 Аяк оона 2019 10:32 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Кой-Ташта болгон окуяга байланыштуу 1700гө жакын адамдын кайрылуусуна жооп берди. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык бул факты боюнча учурда ИИМдин тергөө кызматы тарабынан 8 кылмыш ишине байланыштуу сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Аладын арасында адам өлтүрүү, адам өмүрүнү кол салуу, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, бейбаштык беренелери бар.

«Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мыйзамдын 39, 130.б. (адам өмүрүнө кол салуу, адам өлтүрүү) , 244.б.
(барымтага алуу), 264.б. (массалык башаламандык уюштуруу) жана 266.б. (бейбаштык) беренелери менен Н.Ф., К.А., С.К., Ж.А., Ш.М., К.Р., К.А., Б.Ф.,К.И., А.А., К.А. аттуу жарандар соттун чечими менен үй камагына жана камакка алынган.

Ал эми жамааттык кайрылууда айтылган ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо маселеси Аскер прокуратурасына жиберилди жана анын жыйынтыгына юридикалык баа берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 9-сентябрда Кой-Таш окуясына байланыштуу 1700гө жакын адам УКМКнын башчысы Опумбаевге, УКМКнын Альфа атайы бөлүгүнүн башчысына жана ошондой эле ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш ишин козгоону айтышып Башкы прокуратуранын жамааттык билдирүү менен кайрылышкан.

Количество просмотров: 92