• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башкы прокуратура Лейлектеги газ куурларынын маселесин көзөмөлгө алат

16 Чын куран 2019 15:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Т. Тиллаев Башкы прокурорго Лейлек районундагы газ куурлары боюнча маселени көзөмөлгө алууну тапшырды. Жеке колдорго өтүп кеткен Кадамжай районуна чейин созулган аталган газ куурлары күнү бүгүнкүдөй экендигин айткан дептутат аталган аймакта суу маселеси өтө курч экендигин кошумчалады.

Эске салсак, Баткендеги чек ара маселеси көтөрүлгөн учурда ошол аймактагы газ куурларынын казылып кетип жаткандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев көтөрүп чыккан.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Ж. Раззаков «Govori.TV» мультимедиалык агенттигине маек берген учурунда бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (финансы полициясы) тапшырма берилгенин маалымдаган.

Ал эми Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, БШКнын мүчөсү Назарали Арипов Ж. Разаков Өкмөттүн Баткендеги өкүлү болуп иштеп турган кезинде акционердик коомдун менчигиндеги газ куурларын казып кетүүгө уруксат бергендигин айткан эле.

Количество просмотров: 28