• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратура сабалган өспүрүмдүн укугун коргоо үчүн ИИМге прокурордук сунуш келтирди

25 Жетинин айы 2020 17:54 Бишкек Govori.TV

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жарыяланып жаткан «Алты жашар бала сабалып ооруканага жаткырылды», — деген аталыштагы интернет макала боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп жыйынтыгы менен төмөндөгүлөрдү аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма соз кызматы кабарлайт.

«2020-жылдын 18-ноябрында Улуттук госпиталдын №1-нейрохирургия бөлүмүнө 2014-жылдын 28-июнунда туулган жашы жетелек А.Р. денесине алган бир канча жаракаттары менен жаткырылган. Жаш өспүрүмдүн апасынын көрсөтмөсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрынан 18-ноябрына караган түнү анын жолдошу Б.А. (баланын өгөй атасы) Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнө мас абалында келип, эч себепсиз жашы жетелек өгөй баласы А.Р. ур токмоко алгандыгы тастыкталган.

Окуя боюнча топтолгон материал Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 75-бер. (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши караштуулугу боюнча Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБнө жиберилди.

Азыркы учурда жаш өспүрүмдүн саламаттыгына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иштин баардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогорудагы жосун орун алган учурдан тартып ички иштер органдарынын тийиштүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын бузушуп жабырлануучу жаш өспүрүмгө (мыйзамдуу өкүлүнө) убактылуу коргоо ордерин тапшырышкан эместиги аныкталган.

Аны менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден алардын компетенцияларынын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамдарын алуу укугуна ээ болот.

Убактылуу коргоо ордери милдеттүү тартипте, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы белгиленген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде берилет деп Мыйзамда так көрсөтүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жашы жетелек А.Р. мыйзам менен кепилденген укуктарынын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилип жаткан коркунучту четтетүү максатында 2020-жылдын 24-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Ички иштер министринин наамына мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө прокурордук сунуш келтирилген», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, коомчулукта резонанс жаранкан окуя 17-18-ноябрга караган кечинде болгон. Баланын апасы жолдошуна карата арыз менен кайрылган, бирок көп өтпөй тосмо арыз жазып берген.

Количество просмотров: 166