• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Башкы прокуратура Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартты

24 Аяк оона 201919:32 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турдукуловдун УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жазган кайрылуусун карап чыгып, кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Турдукуловдун айтымында, мындай чечим Сегизбаевге кылмыш ишин козгоого негиз жок деген жүйө менен чыгарылган.

Эске салсак, Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылган. «Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек», — деп айткан Турдукулов.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.

Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.

Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 935