• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Башкы прокуратура шаардык паркты жакшыртуу ишинде 1 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

13 Жетинин айы 2020 12:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурстук комиссиясы тарабынан Байтик Баатыр жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги шаардык паркын жакшыртуу (“Балалык” паркы) объекти боюнча курулуш-монтаждык иштерин жүргүзүүдө, “Ак-Ниет Курулуш” ЖЧКмун жеңүүчү деп табуунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен мыйзам бузуучулуктар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында жазылат.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик сатып алуулар мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “Ак-Ниет Курулуш” ЖЧКнун лицензиясындагы аткарылуучу иштердин тизмесинде суу камсыздоо, канализация, электр камсыздоо жана башка иштеринин аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгондугуна карабастан, ЖЧК жеңүүчү деп табылып, аны менен белгиленген иштерин аткаруу боюнча тиешелүү келишими түзүлгөн.

«Аткарылган иштердин актыларын текшерүүдө, айрым иштердин баасы 1 043 887 сомго жогорулатылгандыгы тастыкталган.

Мындай жагдайда, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын алдын ала сүйлөшүп, өзүнө жана башкаларга пайда табуу максатында кылган мыйзамсыз иш аракеттеринен улам мамлекетке зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен иш боюнча жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш одексинин 234-бер. 2-бөл. 1-п. жана 320-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен материалдар КЖБРге катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 32