• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратуранын тергөөчүсү кармалды

6 Аяк оона 2022 11:10 Бишкек Govori.TV

«Бишкек машина куруу заводу (БМЗ)» ААКнын (Ленин атындагы завод) мыйзамсыз ажыратылган жер тилкелерин сатуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, прокуратура органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү С.Н.М. кармады.

Белгиленгендей, аталган тергөөчү Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөчү кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Буга чейин «БМЗ» ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н.З. жана “БМЗ” ААКнын мурдагы кызматкерлери кармалган.

Количество просмотров: 652