Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
Атамбаев ээлик кылган Форум имараты экс-президенттин өнөктөшү делген Субихи Пархатиге таандык экенин айтылды. Бул тууралуу бүгүн экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесин кароо учурунда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Анын айтымында, Субихи Пархати 1991-жылы 27-майда Кара-Балтада төрөлгөн, анын атасы апасын өлтүргөн деп шектелип Казакстанга качып кеткен. Ал эми өзү Урумчиде апасынын туугандарынын колунда чоңойгон. Улуту казак, бирок кыргыз паспортун алган.
«Форум имараты ал адамга таандык экени тууралуу маалыматтар бар. Бул иш каралып, иликтенип жатат»,-деди Жамшитов.
Ал эми эл өкүлү Баатырбеков Алмазбек «Шектүү болгондо эле имараттар колдон колго өтө баштайт. Форум тууралуу келишимди да тактап чыгуу керек. Жана шек пайда болгон мындай имараттарды арестке алып коюу керек»,-деген пикирин айтты.