• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Башкы прокурор: Өлкөдө кылмыштуулуктун саны азайды

20 Чын куран 2021 12:55 Бишкек Govori.TV

Кылмыштуулуктун жалпы абалы республика боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу 24 миң 59ге азайды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу прокуратура органдарынын негизги милдети болуп саналат.

«Кылмыштуулуктун жалпы абалына токтолсом, республика боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны 24 миң 59ге азайган, 139 миң 490 (163 549) сотко чейинки өндүрүш иштер катталды, алардын ичинен 78 миң 254 (87 374) кылмыш жана 61 миң 236 (76 175) жоруктар», — деди Зулушев.

Ал өндүрүштө болгон кылмыштардын бетин ачуу өткөн жылга салыштырмалуу өсүп, 67,2% (2020-жылы 45,2%) түзгөн деди.

Количество просмотров: 114