• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Башкы прокурор менен Жээнчороев кайым айтышты

21 Аяк оона 2021 16:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кайым айтышты.

Жыйын учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаров Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык жана Укук бузуулар кодексин кабыл албай, каршы пикири менен артка кайтарганы айтылды. Жээнчороев президенттин сунуштарын карап чыкканын белгилеп, пунктарды айтып баштаганда, Зулушев анын сөзүн бөлдү.

Жээнчороев Зулушевдин буга чейинки айткан сөздөрүнө нааразы болду.

«Мен дагы жаш бала эмесмин, чалып алып «сени издөөгө берем» дегидей. Сиз мени тарбиялайсызбы? Мен түшүнөм, сиз эбегейсиз бийликке ээ болуп жатасыз. Сиздин «Камчыке (УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев — ред.), мына Мирланга бир нерсе таап берчи, менин тилимди укпай жатат» деген кандай болорун айтып кетейин. Андай кылбаңыз, бул күн да өтөт», — деди Жеенчороев.

Ага башкы прокурор «Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге таап коюш оңой эле» деп жооп берди.

Ал эми депутат антип коркутканы өтпөй турганын айтып, Кудайдан гана корко турганын билдирди.

Количество просмотров: 1947