Бүгүн өлкөнүн Башкы прокурору Курманкул Зулушев маалымат жыйын берүүдө. Анда журналисттер тарабынан суроо узатылып, ИИМдин жана УКМКнын мурдагы министрлеринин учурда жүргөн жери тууралуу маалымат суралды.
Жооп берип жатып Зулушев алардын учурда кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирди.
Ал кошумчалагандай учурда алар изделип жатканын бирок кылмыш иши козголбогонун айтты.
«Кылмыш иши жалпы козголгон ал эми Опумбаев менен Жунушалиевге карата тергөө ишинин алкагында гана белгилүү болот. Бирок алардын азыркы жүргөн жери белгисиз», — дейт ал.
Эске салсам, 5-6-октябрда болгон башаламандык учурунда алар кызмат ордунан табылган эмес.