• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Башкы прокурордун мурдагы орун басары 12 жылга кесилди

25 Бирдин айы 202612:38 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулун «бийликти басып алуу үчүн массалык башаламандыкка даярданган» деп айыптап, 12 жылга эркиндигинен ажыратты.

Аны менен кошо кармалып, камалган дагы сегиз адам 8-13 жылга кесилди. Сот чечими менен бардыгынын үй-мүлкү мамлекетке алынды.

2024-жылы 12-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баштаган топ адамды «бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармап, камакка алган.

Теги:
Количество просмотров: 151