Башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан «Чоң казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевди жумуш ордуна киргизбей коюшту деген видео тарады. Интернетте тараган видеодо имараттын алдына чогулган бир топ жарандарды жана унаада олтурган Жапыкеевди көрүүгө болот.