• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Башына баштык кийгизип… Кармалган жарандын кыйноого кабылганы айтылды

28 Бирдин айы 202313:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь РИИБнин кызматкерлери кармалган адамга кылмышты мойнуна алдыруу үчүн аны кыйнашкан деп айыпталууда. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, И.С. аттуу жаран 22-февралда милиция кармап кеткенин айтып берген.

«Ал кылмыш кылганын дароо мойнуна алган, бирок ага карабастан милиция кызматкерлери аны токмоктоп, андан кийин башка дагы кылмыштарды мойнуна илүү үчүн башына баштык кийгизип кыйнашкан»,-деп жазылат маалыматта.

Укук коргоочулар кыйноонун издерин документтештирип, Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасына арыз жазышты.

Количество просмотров: 257