• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бассейнде 22 жаштагы жигитти бычактап кеткен шектүү кармалды

11 Баш оона 2023 17:23 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында бассейнде 22 жаштагы жигитти бычактап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июлда саат 21:30 чамасында Ош шаардык ооруканасына 2001-жылы туулган жаран денесинен жарат алып кайрылган. Жабырлануучу милицияга берген көрсөтмөсүндө бассейнинде эс алып жатканда белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кетишкендигин, ал жанындагы бычагы менен бел тарабына сайып, изин жашырып кеткендигин билдирген.

Кийин милиция кызматкерлери тарабынан шектүү адамдын өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган. Ошентип, Ош шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен Кара-Суу районунда туулган 1995-жылы туулган Н. М. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө «Коен» деген ат менен белгилүү экендиги аныкталды.

Шектүүнүн кылмыштуу аракети боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 9-август күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 221