• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Батирде бекилип калган кыздар куткарылды

25 Бештин айы 20239:19 Бишкек Govori.TV

Батирде бекилип калган кыздар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ӨКМге Кызыл-Кыя шаарынын 60 жылдык көчөсүндөгү үйдүн батиринин эшиги бекилип калгандыгы боюнча саат 17:18 да маалымат келип түшкөн.

«Көп кабаттуу турак үйгө үч шатынын жардамы менен чыгып, батирдин терезеси аркылуу кирген куткаруучулар саат 17:38 де эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинде 2012-жылы жана 2009-жылы туулган бир тууган кыздар болгон»,-деп жазылат маалыматта.

Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 207