• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткен: 92 521 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады

26 Аяк оона 2022 9:27 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда 92 521 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалым болгондой, жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 36 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

«Баткен облусуна жалпы 1500,632 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 264,867 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 199,15 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар:

— Ош облусунда – 44

— Жалал-Абад облусунда– 13;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 53;

— Чүй облусунда – 8;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 4.

Количество просмотров: 120