• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде депутаттар мушташа кетишти

13 Бирдин айы 2020 18:49 Бишкек Govori.TV

Баткендин Лейлек районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары мушташа кетишти. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, 12-февралда Лейлек райондук милиция бөлүмүнө Катраң айылдык кеңешинин депутаты Нурдин Дүйшөбаев арыз менен кайрылып, кесиптеши Сапарали Бөрүбаев аны сабап салгандыгын билдирген.

Жабырлануучу депутаттын айтымында, депутат Бөрүбаев анын намысына шек келтирген сөздөрдү айтып, себепсиз эле сабап салган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 48