• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткен: ӨКМ келтирилген зыян боюнча маалымат жарыялады (тизме)

3 Бугу 2021 15:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Баткен облусунун аймагында жабыркаган жана кыйраган турак жайлар боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат жарыялады.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министринин жетекчилиги астында түзүлгөн атайын комиссия тарабынан Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү дагы да такталууда.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагы боюнча:

— 30 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 Ички аскерлер имараты, Миң-Булак, Достук чек ара заставасынын имараты жабыркаган.

Лейлек району боюнча — Кулунду айыл аймагы боюнча жабыркаган жана күйгөн турак үйлөр:

— Максат айылында 11 турак үй;

— 1 Максат чек ара заставасы;

— Сада айылында 3 турак үй;

— Раззаков участкасынын Папалин айылында 2 турак үй.

Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча жабыркаган имараттар жана күйгөн турак үйлөр:

— Арка айылында 9 турак үй, 10 АЗС, 8 дүкөн;

— Достук айылында 12 турак үй;

— Борбордук айылында 11 турак үй.

Жалпы:

Лейлек району боюнча — 48 турак үй, 1 чек ара застава, 10 АЗС, 8 дүкөн.

Баткен району боюнча жабыркаган имараттар — 30 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 ИИМ имараты, 2 чек ара застава.

Жалпы Баткен облусу боюнча: 78 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС жана 8 дүкөн.

Количество просмотров: 276