• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кызыл-Кыяда кутурган ит тиштеген адам каза болду

18 Теке 2018 9:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.07.2018. Govori.TV
Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургуну 16-июлда кутурма оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу  Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан билдиришти.

Малыматта «бейтап 15-июль түнкү саат 01:00 чамасында Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилген. Ал Кадамжай шаарынын Үч-Коргон айылынын Сулайман-Абад аймагынын жашоочусу болгон. Текшерүү учурунда кутурма оорусу аныкталган»-деп айтылат.

Ал эми бейтаптын келинчегинин айтымында, жолдошу 13-14-июнь күндөрү талаадагы үлүш жеринде жүргөн учурда жолбуун ит тиштеген. Бирок медициналык жардам үчүн дарыгерлерге кайрылган эмес. Бара-бара бейтапта гидрофобия, аэрофобия сыяктуу абалдар пайда болгон.

Бейтап 16-июль күнү саат 20:00лар чамасында каза болду.

Количество просмотров: 8